7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Айдарбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан үчүн тарыхый окуя

448

Жогорку кеңештин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курула баштаганын Кыргызстан үчүн тарыхый окуя десе болот, анткени дээрлик 30 жыл бою бул долбоор ар башка тоскоолдуктарга дуушар болуп келген. Мурдагы жетекчилердин бири кезегинде бир меморандумга кол койгондуктан, темир жол Эркечтам аркылуу өтүп, Кыргызстандын аймагында жолдун кичине эле бөлүгү жайгашмак.

Эгер ошол долбоор ишке ашса, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу жайы дагы Кыргызстандан сырткары болуп калмак. Кийин Ат-Башы аркылуу өткөн дагы долбоор сунушталган, бирок аны менен салынган жол узунураак болмок. Азыркы вариант, менин оюмча, эң ыңгайлуу – Торугарттан Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абадга өтөт жана дөңгөлөк алмаштыруу жайы Казарманда болот. Аны менен Кыргызстанда бир топ жаңы жумуш орундары пайда болот.

Темир жол Build-Operate-Transfer деген ыкма менен курулат, анын шарттарына ылайык, жолду курган биргелешкен ишкана чыгымдарын кайтарып алгандан кийин, Кыргызстандын аймагындагы жол толугу менен Кыргызстандын карамагына өтөт жана өлкөгө таза киреше алып келе баштайт. Кошуна Казакстан же Орусия аркылуу өткөн жолдорго бул жол тоскоол деле болбойт, анткени жыл өткөн сайын соода көбөйүп баратат, ошондуктан өткөрө турган жүк баарына жетет.

449