7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыңгыз Айтматовго арналган тыйындар коллекциясы чыкты

3

Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленүүдө. Улуттук банк жазуучунун чыгармачылыгына арналган коллекциялык эстелик тыйындардын жаңы сериясын чыгарды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 12-декабрда дүйнөлүк адабияттын белгилүү классиктеринин бири, улуу кыргыз жазуучусу жана ойчулу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу көзү тирүү болгондо 97 жашка чыкмак. Анын кыргыз жана орус тилдеринде жазылган чыгармалары дүйнөнүн 150дөн ашык тилине которулган жана бүгүнкү күндө да бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү окурмандарды шыктандырып келет.
4