7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чычкан капчыгайында эки жерден кар көчкү түшүп, жол жабылды

261

Бүгүн саат 12:10 чамасында Бишкек – Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки жерине кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Учурда Бишкек – Ош жолу бардык унаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды. Алдын ала маалымат боюнча, жолго түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт. Жолду тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.

Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда. Кошумча маалыматтар берилет.

262