“Чычкан” посттунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди.
Аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкек-Талас жана Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап, бороон чапкын болууда.
Буга байланыштуу жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» посттунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кечээ саат 21:00дөн тартып, убактылуу чектөөлөр киргизилди.