Токтогул районундагы Чычкан суусуна Honda Odyssey унаасы түшүп кетип, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 1978-жылы туулган Б.А. аттуу аял киши жабыркаган. Жабыркаган жана каза болгондор «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген», — деп билдиришти ӨКМдан.
Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.