7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Чыгымдын көлөмү 182 млн сом” Мэриянын 4 кызматкери кармалды

9

Бишкек шаардык мэриясынын 4 кызматкери таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу учурунда каражатты туура эмес пайдаланышкандыгы үчүн кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкекте катуу таштандыларды башкарууну жакшыртуу жана жаңы полигон куруу долбоору боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурундагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алсак, кредиттик уюм тарабынан жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 2015-жылы Бишкек шаарынын мэриясына, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, бульдозер, жүктөгүч, таштанды ташуучу унаалар, таштанды контейнерлери жана башка атайын техникаларды сатып алуу, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасына жана «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасына арналган таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу максатында 22 млн.евро бөлүнгөн.

Мамлекеттик сатып алуулардын айрым элементтерине жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн.сомду түздү.

“2025-жылдын 12-январында Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., подряддык компанияларынын жетекчилери И.В.Р., А.Н.Б. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда КР УКМК тарабынан бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын жана ага тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, — деп жазылат маалыматта.

10