7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыгыш-5теги окуя: Жалпы 6 жаран ооруканага жаткырылды

208

Борбор калаанын «Чыгыш-5» кичи районунда түн ичинде болгон окуядан алты адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, медиктер жалпысынан 10 адамга жардам көрсөтүшкөн.

«Бир адам бычактан орточо оор жаракат алып, Улуттук хирургия борборуна жаткырылды, калгандары түтүнгө ууланып, Клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк жана токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Бир адамдын алаканы жана оң колу жеңил күйүк алган. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү түтүнгө уулангандар. Алардын абалы учурда канааттандыраарлык», — деди ал.

Жабыркагандардын арасында жаш балдар болгон эмес.

Буга чейин милиция кызматкерлери «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен эки киши бычакталып, өрт чыкканын кабарлаган.

209