Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Шаар күнү менен Жеңиш күнүн белгилөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде шаардык эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отурумунда, 29-апрель шаар күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата эч кандай массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими күчүнө кирген.
Мындай чечим борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына жана жаңы учурлардын көбөйүүсү менен түшүндүрүлдү.
Эскерте кетсек, өткөн жылы да коронавирус илдетинин күчөп жаткандыгына байланыштуу өлкөдө майрамдар белгиленген эмес.