7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19 илдетинен 113 миллион адам жабыркап, 2,5 миллион бейтап көз жумду

593

Акыркы жети жумада биринчи жолу коронавирус менен ооруган адамдардын саны өстү. Бул тууралуу Тедрос компаниясынын башкы директору Адан Гебрейесус брифингде билдирди.

Ал мындай тенденция алты аймактын төртөөндө — Европада, Америкада, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде пайда болгонун белгиледи.
«Бул бизди түйшөлткөнү менен таң калыштуу деле эмес», — деп кошумчалады Гебрейесус.

«ДССУ инфекциялардын көбөйүшүнүн себептерин карап жатат. Алар вакциналар адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп баса белгилешүүдө,бирок ага гана ишеним артып отуруп алууга болбойт.

«Коомдук саламаттыкты сактоонун негизги чаралары коронавируска каршы күрөшүүдө өзөктүү бойдон калууда», — деп жыйынтыктады ал.
Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн аптада дүйнөдө 2,6 миллиондон ашык коронавирус инфекциясы катталган. Бир жума мурун бул сан 2,5 миллионго жеткен эмес.
Коронавирусту дүйнөдө буга чейин 113 миллиондон ашык адам жуктуруп алган, 2,5 миллиондон ашуун бейтап көз жумган. Көпчүлүк учурлар жана өлүм АКШ, Индия жана Бразилияда катталууда.

 

594