Бүгүн «Дүйнө айымы» аталган Айгерим Расул кызы Сочиден Бишкек шаарына келди. Ырчы айымды «Манас» аэропортунан жакындары жана күйөрмандары тосуп алышкан.
Белгилей кетсек, 24-сентябрда Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өткөн «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышып, баш байгени багындырган.