7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө биринчилигинде ийгилик жараткан спортчулар сыйланды

917

Жалал-Абадда спорттун грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде ийгилик жараткан спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Иордания мамлекетинин Амман шаарында спорттун грек –рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде жаштар арасында 87 кг салмакта Асан Жанышов коло медаль, ал эми Эрлан Марс уулу 77 кг салмакта күч сынашып, 5-орунду ээлеген.

12-сентябрда ийгилик жараткан спортчуларды «Жалал-Абад» аэропортунан шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, ата-энелер жана күйөрмандары тосуп алышты.

Учурда жаш балбандарды КРнын эмгек сиңирген машыктыруучсу Шадыбек Сулайманов, Чыңгыз Пиримкулов машыктырып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

918