Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт.
Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдешке Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.
Балбан кыз биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.
Экинчи беттешинде кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.
Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишти илип кетти.
Жарым финалда кыргыз спортчусу колумбиялык Татьяна Рентерия менен беттешип, 4:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп чыкты. Ошентип кыргыз балбаны финалга жолдомо алып, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.