Бүгүн, 20-сентябрь күнү Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уланууда.
Килемде 62, 68, 72 кг чейинки салмакта беттештер өтөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 да башталат. Ал эми 76 кг салмак категориясында финалдык беттеш саат 22:00 дө болот.
62 кг
1/16 финал:
Айсулуу Тыныбекова — Александра Волчиньска (Польша);
68 кг
1/16 финал:
Мээрим Жуманазарова — Янет Урсула Соверо Нино (Перу)
72 кг
1/16 финала
Нурзат Нуртаева — Мива Морикава (Япония).
Финалдык беттеш:
76 кг.
Айпери Медет кызы — Юка Кагами (Япония)