7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы күмүш тагынды

271

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Балбан кыз чемпионаттын финалында япониялык спортчу Юка Кагами менен кез келип, 8:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Алган жаракатынан улам кыргыз спортчусу беттешти аягына чейин уланта алган жок.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Медет кызы 76 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалынан тарта катышты. 19-сентябрда кыргыз спортчусу 4 атаандашын тең жеңип, финалга чыккан.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272