7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг дагы 20% кичирейди

172

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг A23a кайрадан чоң бөлүгүнөн ажырап, дээрлик 20% кичирейди. Бул тууралуу Арктика жана Антарктика илимий-изилдөө институту билдиргенин Интерфакс жазып чыкты. 

«Акыркы жумаларда айсбергден жалпы аянты 800 чарчы километрден ашкан төрт чоң бөлүк бөлүнүп кетти. Алар өз алдынча айсберг болуп калды. Муз гиганты A23a учурда түндүктү көздөй сүзүп баратат, ал эми анын айрым сыныктары карама-каршы багытка, түштүк-батышты көздөй жылууда. Алар чоң кемелер үчүн эч кандай коркунуч туудурбайт», — дейт илимий-изилдөө институтунун адиси Полина Солощук.

Солощуктун айтымында, айсбергдердин эриши дүйнөлүк океандын деңгээлине таасир тийгизбейт, анткени процесс жай жүрүп, суу бир калыпта кайра бөлүштүрүүгө үлгүрөт.

Учурда A23a аянты 1,4 миң чарчы чакырымдан ашат жана ал дагы эле дүйнөдөгү эң чоң айсбергдин бири бойдон калууда. Айсберг Түштүк Георгия аралынан 130 км түндүктө жайгашкан. Окумуштуулар шамалдын жана жергиликтүү агымдардын таасири астында талкаланып, түндүктү карай жыла берет деп айтышууда.

2023-жылдын жазында айсберг күтүлбөгөн жерден Антарктиканын жээгиндеги Скоша деңизин көздөй жыла баштаган. Андан кийин түндүккө ооп, 2025-жылдын башында Түштүк Георгияга жакындап калган. Жайында ал 1000 чарчы километрге жакын аянтын же 36% аянтын жоготуп, бөлүктөргө бөлүнүп кеткен.

173