7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан адамдардан ким алдыда?

864

2023-жылдын июль айына чейинки жыйынтык боюнча дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесин «Bloomberg» басылмасы расмий баракчасында жарыялады.

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча америкалык ишкер Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамы болду. Ал алты ай ичинде өзүнүн капиталын 234 млрд долларга көбөйткөн. Масктын расмий агенттигинин маалыматы боюнча, 3-июлда Tesla акциялары 6,9 пайызга жогорулап, ишкерге дагы 13 миллиард доллар алып келген.

Ал эми,  экинчи орунда 200 миллиард доллар кирешеси менен Louis Vuitton компаниясынын ээси Бернар Арно турган болсо, алдыңкы үчтүккө 6 айда 154 миллиард доллар тапкан Amazon интернет компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык ишкер Жефф Безос кирген.

Кийинки орунда Meta Platforms компаниясынын ээси Марк Цукерберг турат. Июнь айына карата анын байлыгы 58,9 миллиард долларга өсүп, жалпы 6 айда ишкер 104 миллиард доллар тапкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865