7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы Николь Шерзингер Бишкекке учуп келди (видео)

174

Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы, актриса жана бийчи Николь Шерзингер Кыргызстанга келди. Ал бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Ырчыны «Манас» эл аралык аэропортунан Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков тосуп алды.

Николь Шерзингер дүйнөлүк популярдуулукка жеткен The Pussycat Dolls тобунун мурдагы солисти. Ал топтун курамында «Don’t Cha», «Buttons», «When I Grow Up» сыяктуу дүйнөгө белгилүү хиттерди аткарган.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн «Бишкек Аренада» өтөт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

175