7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 101,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө колдоо көрсөтөт

196

Бүгүн, 8-майда Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда расмий сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы бюджеттик колдоо программасын ишке ашырууга байланыштуу маселелер каралды.

Жалпы суммасы 101,5 млн АКШ долларын түзгөн колдоо каражатын тартуу боюнча макулдашууга жетишүү каралууда. Анын ичинен 100 млн доллар «Өнүгүү саясатын колдоо операциясы» (DPO) аркылуу бөлүнмөкчү. Бул каражат макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, жеке секторду өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга жана социалдык инклюзивдүүлүктү күчөтүүгө багытталат.

Кыргызстан Дүйнөлүк банкка көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул көмөк мамлекеттик реформаларды ишке ашырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандагы реформаларга жогору баа берип, мындан аркы кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.

Жаңы программа өлкөнүн фискалдык туруктуулугун бекемдөөгө, экономиканы санариптештирүүгө жана туруктуу, инклюзивдүү өсүштү камсыз кылууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

197