7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирди

198

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026нын расмий сайтында жасалма интеллектке негизделген жардамчы ишке кирди. Колдонуучулар оюндар тууралуу маалыматтарды кыргыз, орус жана англис тилдеринде ала алышат.

Жаңы чечим Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык секретариаты менен кыргызстандык AIRUN AI-компаниясынын өнөктөштүгүнүн алкагында иштелип чыкты.

Чоң эл аралык иш-чарага байланыштуу мелдештердин өтүүчү жери жана убактысы, керектүү аянтчага жетүү жолдору, билеттердин баасы жана иш-чаралардын программасы тууралуу көптөгөн суроолор жаралат. Эми бул маалыматтарды расмий платформадан тез арада алууга болот.

AI-чат сайттын ылдыйкы оң бурчунда жайгашкан. Аны ачып, кызыктырган суроону жазуу жетиштүү.

Долбоордун технологиялык өнөктөшү — Кыргыз Республикасында иштелип чыккан AI-продуктулардын экосистемасы AIRUN. Анын негизинде кыргыз тилин, грамматикасын жана жергиликтүү контекстти терең түшүнгөн тилдик ядро түзүлгөн.

199