7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк окумуштуу: Мен Жапаровду “кыргыздын Путини” деп айтат элем

257

Белгилүү француз саясый серепчиси, азыркы кезде Жорж Вашингтон университетиндеги Борбор Азия боюнча программанын жетекчиси профессор Марлен Ларюэль “Садыр Жапаровду кээ бирөөлөр Дональд Трампка салыштырышканы, анын популист жана улутчул сапаттарын жана ийгиликтүү социалдык медианы пайдалана алгандыгына таянып айтып атышса керек. Бирок мен Жапаровду “кыргыздын Путини” деп айтат элем. Анткени ал мамлекеттик башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулатууга умтулууда” деп Лондондогу эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту өткөргөн талкууда пикирин бөлүштү.

Профессор Ларюэлдин айтымында, кыргыз элинин жабыла Жапаровду колдогонунун себеби, акыркы жылдары мамлекеттик кызматтын деңгээли өтө төмөн түшүп кеткенинде. Ал атайын мисал катары жайында Кыргызстанда covid-19 пандемиясынан улам катастрофалык абалды эскертип, Жээнбековдун режиминин аяктоосу парламенттик шайлоого эмес, ошол коронавирустан сактай албай калганына тийиштүү катары эсептейт. Дональд Трамп эки жолу импичмент болуп, араң бир эле жолу президенттик мөөнөт кызматка тургандыгын эске алсак, Садыр Жапаровду ал киши менен салыштыруу шылдыңдоо деп билишибиз керек. Владимир Путиндин бийликке келгени болсо, ошол 1990- жылдардан кийин эң чоң кризиске баткан Россияны олигархтардан жана бандиттерден куткарып, мыкты жана өзүнө ишенген, бутуна турган дүйнөлүк держава статусун калыбына келтиргенин эң чоң жана тарыхый ийгилик катары кабыл алышыбыз керек. Ошол эле профессор Ларюэль сөзүнүн аягында Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти бекемдей турганын колдоого алып, бирок “ал киши автократиянын кандай түрүн орнотот, али белгисиз. Балким ал толугу менен персоналдык культ киргизип, толугу менен оппозицияны жокко чыгарганга аракет кылат” деп да чочулады. Экинчи белги катары, профессор Ларюэль Жапаровдун ийгилигин уюшулган кылмыштуулукка болгон саясатынан баалай турганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258