7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө жүзү боюнча эң көп маяна алган атактуулардын бири Тейлор Свифт

271

Тейлор Свифт музыка дүйнөсүндөгү ийгиликтүү, таасирдүү жана кызыктуу инсандардын бири. Он жылдан ашык карьерасы бар ырчы миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүн багындырып гана тим болбостон, миллиард доллардан ашык киреше таап дүйнөлүк рекорддорду жараткан. Ырчы эле эмес, коомдук ишмер дагы… Тейлор Свифт музыка дүйнөсүнө кандай өзгөчөлүк киргизгенин билип алыңыз!

1. Улуу Британиянын экономикасынын маанилүү фактору. Анын концерттери жана турлары миллиондогон күйөрмандарды өзүнө тартып, ошол шаарларга олуттуу экономикалык пайда алып келет.

2. 2018-жылы анын Репутация туру Британиянын экономикасы үчүн 100 миллион фунт стерлингден ашык киреше алып келген. Жумуш орундарын түзүү менен мейманканалар, ресторандар жана транспорт компаниялары сыяктуу жергиликтүү ишканаларды колдоого алды.


3. 12 жашында ыр жаза баштаган жана 14 жашында келишимге кол койгон.

 

4. 14 Грэмми сыйлыгын жана башка көптөгөн сыйлыктарды жеңип алган. Музыка индустриясында эң көп сыйлык алган аялдардын бири


5. 2019-жылы жылдык кирешеси 1 миллиард доллардан ашып, ырчылардын рейтингинде биринчиликти ээлеген. Бейонсе менен Рианнаны артында калтырган.


6. Тейлор лирикалык каармандарды көп колдонот. Мисалы, «LOVE STORY» ырында ал Ромео менен Джульеттага кайрылат.

7. Социалдык медиаларда эң популярдуу инсандардын бири. Instagram аккаунтунда 283 миллион, ал эми ютубда 59,6 миллион катталуучусу бар.


8. Бир нече тасмаларга, музыкалык клиптерге тартылган.

9. Тейлордун «Swifties» деп аталган ар кандай клубдары жана жамааттары бар.


10. Мышыктарды абдан жакшы көрөт. Оливия, Бенжамин жана Мередит аттуу сүйүктүү жаныбарлары анын Instagram баракчасында көп кездешет.

272