7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Дүкөндөн кийимдерди уурдаган». Кеминде уурулукка шектүү аял кармалды

662

Кемин районунда уурулукка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде Кемин РИИБине 1969-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 12:00 чамасында белгисиз аял анын дүкөнүнөн кийим- кечектерди уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын каттоо китебине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.Э. аттуу аял кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663