Тоо-кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков: 1995-жылдан бери апрелдин биринчи жекшембиси Кыргыз геологдорунун күнү болуп белгиленип келет. Геологдор тоо кыдырып, жер алдындагы кен байлыктарын таап, экономикага эбегейсиз салым кошот, бирок тармакты өнүктүрүүгө мурда мамлекеттик бюджеттен жылына болгону 20 млн гана сом бөлүнүп келген.
Азыркы бийлик тоо-кен тармагына бир миллиард сом бөлдү, анын басымдуу бөлүгү техника жана ар башка заманбап аспаптарды алууга жумшалат, ошондуктан жылдар бою түзүлүп келген абал бир топ жакшыруу алдында. Деги эле Кумтөр мамлекеттин колуна өткөндөн бери тармакта тартип орнотула баштады, Кумтөрдүн өзүндө мурдагыдай кенди ачык түрдө казуу менен бирге жер алдынан иштетүү да башталды. Аны менен кошо, кендин алтынга бай жана кедей да бөлүктөрү болот, аны да эсепке алыш керек…