Иш-чарага “Кыргызстан жаштар кыймыл” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана борбор калаа жана өлкөнүн аймактарынан келген 5000ден ашуун активисттер, студенттер, волонтёрлор, жаш ишкерлер жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.
Кичи арена 5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган. Анда спорттук мелдештерди жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрсө болот. Аянты 15,3 миң чарчы метр болгон имарат үч кабаттан туруп, астында жертөлө жана 80 унаага ылайыкталган автотоктотмо бар.
«Жаштар майрамына карата курулушту аяктап, борбордун спорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүгө салым кошконубузга кубанычтабыз. Бул жерде кичи футбол, баскетбол, волейбол жана башка спорт түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрсө болот. Башында курулушка 700 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн, бирок учурдагы чыгым 1,3 миллиард сомго жетти», — деп белгиледи шаар мэри Айбек Жунушалиев.
Бул форум “Кыргызстан жаштар кыймылы” коомдук бирикмеси жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. Ал өлкөнүн жаш лидерлерин, ишкерлерин, активисттерин жана чыгармачыл жаштарын бириктирген маанилүү коомдук платформа болуп саналат.
Максаты — жаштарды бириктирүү, жергиликтүү демилгелерди колдоо жана жаштар менен бийлик, бизнес жана эл аралык уюмдардын түз диалогун камсыз кылуу.
Белгилей кетсек, иш-чара бүгүнкү жаштардын эл аралык майрамын утурлай өткөрүлүүдө. Ошондой эле форум менен биргеликте жаңы курулуп бүткөн кичи аренанын ачылышы болууда.



