Түркиянын белгилүү актрисасы, «Даңазалуу доор» сериалы менен атагы алыска кеткен Мерьем Узерли бүгүн Бишкекке келди.
Белгилей кетсек, Мерьем Узерли Кыргызстанда өтө турган «Asian World Film Festival» иш-чарасына катышуу үчүн келди. Бул долбоор Бишкекте жаңы проекттин презентациясын өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты кинофестивалдын директору Асель Шерниязова буга чейин билдирген.
Ал эми Азият фильм фестивалы Лос-Анджелесте коомдук ишмер тарабынан негизделген. Кийинчерээк Франция элчиси менен Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы түптөлгөн. Фестивалдын өкүлү катары ишкер Шухрат Ибрагимов иш жүргүзүп келет.
Уюштуруучулардын айтымында, пресс конференция жана жабык гала кече өтөт. Мерьемден тышкары немис элинин белгилүү сүрөтчүсү Мартин Вертманндын дагы келиши күтүлүп жатат. Ошондой эле ал сүрөткө түшүүгө жана суроо берүүгө чектөө койду.
Мерьем Узерли 1983 -жылы 12 -августта Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө төртүнчү бала (апасынын биринчи никесинен улуу эки бир тууган Денни менен Кристофер жана эжеси Жанан Узерли-немис-түрк ырчысы). Атасы Хусейин түрк улутунан, апасы Урсула немис.
2000-2003-жылдары Гамбургдагы Фрезе драмалык студиясында актёрлук чеберчиликте окуган. Ошол учурда эле майда театралдык долбоорлорго катышкан. 2003 -жылдан 2008 -жылга чейин немис кыска метраждуу сериалга тартылган. 2011-2013 -жылдар аралыгында продюсер Юсуф Тимур Савжинин чакыруусу менен Султан Сулейман падышанын тушундагы Осмон империясы тууралуу «Улуу доор» тарыхый сериалында башкы каармандын биринин ролун мыкты деңгээлде ачып берген.