7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Даңкы кеткен далайга С.Жапаров барды Алайга

201


19-декабрда Гүлчө айылында Кыргыз Республикасынын Президенттигине
талапкер Садыр Жапаров кадимки Алымбек Датка, Курманжан Датка, генерал
Ысыкбек Мониевдер жердеген Алай жана Чоң-Алай өрөөнүнүн тургундары менен
жолукту. Абасы, суусу таза, Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарынын бири
болгон Алай районунун жашоочулары Садыр Жапаровду шаңдуу маанайда,
шатыраган кол чабуулар менен тосуп алышты. А дегенде эле Садыр Жапаров
кыштын ызгаардуу суугуна карабай, жолугушуу үчүн келген көпчүлүк элге терең
ыраазычылыгын билдирип, сөзүн баштады.
Тоолу Алай жергеси шарты катаал аймакта жайгашканын баса белгилеген Садыр
Жапаров президент болуп шайланып калса, райондун социалдык- инфрастуралык
абалын жөнгө салууга аракет жасаарын баса белгиледи.
“Чоң-Алай районундагы Ачы-Суу айылына бара турган 12 чакырым жолду
асфальттоо үчүн долбоорлоо иши бүткөрүлсө да, алигиче толук аягына чыга элек
экен”- деген Садыр Жапаров муну жөнү создуктуруу кыянаттык экенин айтты.
Жолугушуу иш чарасы, салтка айлангандай эле калың элдин Садыр Жапаровго
болгон суроо жообу менен уланды. Суроо берүүнү каалаган ар бир жаранга
микрафон узатылып, берилген суроолорго Садыр Жапаров кыска жана так жооп
берип жатты. Берилген ар бир суроону талапкер кунт кою менен угуп, президент
болуп шайланып калса, ар бир суроонун үстүндө иш алып бараарын, ар бир
берилген суроону көз жаздымда калтырбаш үчүн суроо берген жарандардын
телефон номурларынан бери жазып алышын жардамчыларына буюрду.
«Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди, Шибээ,
Чулук айылдарынын жашоочулары Тажикстан Республикасы менен чектешкен
Унжу-Булак жана Караганды-Сай участокторун өлкөгө кайтарып берүү маселесин
көтөрүштү.
Бул маселе мамлекеттер аралык маселе экенин, жергиликтүү тургундардын
кызыкчылыгын эске алуу менен маселени чечүүгө аракет жасаарын билдирди
Садыр Жапаров.


“Унжу-Булак, Караганды-Сай участкалары 1924-1927-жылдардагы улуттук-
аймактык жерлерди бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы боюнча, 1989-жылдагы
паритеттик комиссиянын материалдарына ылайык, Тажикстан Республикасына
таандык деп каралыптыр. Эми бул талаш жерди Чоң-Алай районунун Жекенди
айыл аймагынын тургундары жайыт катары пайдаланып келишкен. Ошондуктан
бул маселени да паритеттик комиссиянын алкагында, калыс чечим кабыл алууга
жетишебиз деп ишенем. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Мамлекеттик Чек ара
кызматы УКМКнын курамына киргизилип, азыр чечкиндүү чаралар көрүлүүдө”-
деген жарандын суроосуна.
Мындан тышкары ал Алай районунун экономикалык өнүгүүсүнө токтолуп, кен
иштеткен компаниялардын ишмердүүлүгүнө кылдат талдоо жүргүзүп, элдин
кызыкчылыгына иштетъъ керек экенин айтты.

Аткаруучу: « __7tv.kg_____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: ______. 2020-жылдын 19-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

202