7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуу. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

564

Садыр Жапаров Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Башында автосервистин имараты өрттөнүп, өрт андан кийин май куюучу жайга жайылган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Дагестан бийлиги Махачкаладагы май куюучу станциядагы жарылууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рубль бөлүп берүүнү убадалады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, жарылуудан 35 адам каза болду, жабыркагандардын саны 100гө жетти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565