7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
15°C

«Экөөбүз тең ишенген жокпуз». Орусиялык блогер кыргызстандык үй-бүлөгө унаа белек кылды

398

Орусиялык блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө унаа белек кылды. Бул тууралуу социалдык тармактарда блогер видео менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, блогер көчөдө кетип бара жатып эң биринчи көргөн адамдарга эле унаа белек кылам деген баласын коляскага салып сейилдеп жүргөн үй-бүлөгө жолугуп, унаасын белекке берди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги унааны белекке алган Айдана Бекмамбетова менен байланышканда, бул белек күтүүсүз болгонун айткан.
«Биз Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болобуз. Көчөдө сейилдеп жүргөнбүз. Телефон кармап кетип бара жаткам. Жолдошумдун «жок» дегенин угуп эле, маани берип карап калдым. Эмнеге берип жатканын түшүнбөй сурай бердим. Себеби, ишенген жокмун. Тамаша го дедим. Анан жолдошумду чакырдым. Экөөбүз тең ишенген жокпуз. Ачкыч, документ берип кетти. 15-20 мүнөттөй турдук. Унааны ачып отурдук. Анда да ишенген жокмун. Туугандарга чалып, айтып, үйдөгү айдоочулук күбөлүктү алдырып, үйгө алып бардык. Унаа, документ жаныбызда, эми ишенип жатабыз. Блогер менен байланышып жатабыз. Унааны өзүбүз айдайбыз. Унаа алышыбыз керек деп жүргөнбүз», — деген ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

399