7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кетишти

776

Борбор калаада дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөгө таштап кеткен жеринен таап алышты. Бул тууралуу Ленин РИИБден бидиришти.

19-ноябрда саат 22:45 чамасында Бишкек шаардык милициясына “Арча-Бешик” конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү  үйлөрдүн биринин жанында коробкада жаңы төрөлгөн ымыркай ташталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул фактынын негизинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге дароо барышып, аталган факты тастыкталган.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда ымыркай ооруканада, төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлери баланын абалын көзөмөлдөп жатышат.

Баланын апасынын жүргөн жерин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

777