Жакшы маанайда жүрүүнүн 10 эрежеси:
1. Ойгонгондо дароо туруп кетпестен, көзуңүдү ачып бир аз жатыңыз. Бул убакытта күн бою бүтүрө турган иштериңизди бир сыйра пландап, дагы бир керемет таңды тосконуңузга ыраазы болуп коюуну унутпаңыз)
2. Турган соң, дароо терезени ачыңыз. Үйдөгү аба сыртка чыгып, сырттагы аба ичкери кирсин. Айнектен табияттын сулуулугуна суктанып, чымчыктардын ырларын эргип угуңуз. Табияттын музыкасы адамдардыкындай эмес: эс алдырат, бирок чарчатпайт)
3. Жаткан жериңизди ирээттеңиз, таза бөлмө адамдын маанайына түздөн-түз таасирин тийгизет)
4. Дене көнүгүүлөрүн жасаңыз. Ден соолугуңуз бекемделип тим болбостон, дене боюңуздун иштеши жагымдуу маанай алып келет)
5. Жумуштарыңызды бүтүрүүдө шаар аралап жөө басканга аракет кылыңыз, жөн эле басып кете бербестен, шаардын кооздугуна суктанып, жаркын келечегиңизди элестетип, жогорку маанайыңыз менен башкаларга энергия тартуулай кетиңиз)
6. Убагында тамактаныңыз. Медициналык маалыматтарга таянсак: ашказан бош болгондо, адамда кыжырдануу башталат. Курсагыңызды кампайтып алып, жылмайган бойдон күнүңүздү улаңыз)
7. Бош боло калган мезгилде китеп окуңуз. Каалаган китебиңизди интелектиңиз менен чогуу маанайыңыз сөзсүз көтөрүлөт)
8. Бир күндө кеминде бир жакшы иш жасаңыз. Муктаждарга жардам бересизби, оор сумка көтөрүшөсүзбү, коомдук транспортто оорундук бошотуу ж.б. Жакшы иштер өзгөчө сезимдерди тартуулайт)
9. Үйүңүзгө кайтканда, кызыктуу фильм көрүп, сүйүктүү музыкаңызды угуп, хоббиңиз менен алек болуңуз)
10. Жатаар алдында, көнүгүүлөрдү жасап, бетиңизге, денеңизге кам көрүп, өзүңүздү сүйүүгө убакыт бөлүңүз)