7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: 2024-жылы төрт учак алынып, ички каттамдарга коюлат

558

Келерки жылы төрт учак алынып, ички каттамдарга коюлат. Билет баасы арзан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков соц.тармактагы баракчасына билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда Кыргызстандын ичиндеги 7 облусту байланыштырган аба каттамын жандандыруу боюнча иш кызуу жүрүп жатат.

«Анын алкагында, «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропорттордунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, иштер дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды», — деди ал.

Орунбеков кошумчалагандай, президентти түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири — бул унаа жолундагы кырсыктар эле. «Өлкө башчысы кырсыктарды азайтуу максатында ички аба каттамдарын жандандырууга көңүл буруп жатат», — деп кошумчалады ал.

559