7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дамира Базарова: Гена-байкем кээде – мени эч ким түшүнбөйт деп айтып калчу эле…

402

Кинорежиссёр Геннадий Базаровдун карындашы Дамира Базарова: Мен мектепти айылдан бүтүп, Бишкекке окууга келгенде жана андан кийин дагы Гена-байкемдин үйүндө турдум, өмүрүндө мага бир катуу сөз айткан жок – өтө маданияттуу жана айкөл адам эле. Ал 24 жаш кезинде Чыңгыз Айтматов ишеним артып, «Саманчынын жолу» тасмасын тартууга тапшырма берген. Болот Бейшеналиевдер менен кошуна турганбыз, бир-бирибизге жардам берип, туугандай болуп калдык. Бирок Гена-байке кээде – мени эч ким түшүнбөй жатат деп да айтып калчу.

Байкем ВГИКте окуп жүргөндө, бир топ кыйналыптыр, биз дагы бул жактан жакшылыктуу жардам бере алган эмеспиз, анткени Садыр атабыз ага чейин Ат-Башы райисполкомунун төрагасы жана Жумгал партиялык райкомунун биринчи катчысы болгонуна карабай, андан соң облустук уюмдарда иштеген кезде башка бир жетекчилерди жаманатты кылбайын деп, өзү партиядан чыгып калган жана биз өзүбүз да кыйналып жүргөнбүз. Көп жылдан кийин ошол кездеги республика жетекчиси ал иштер үчүн менден кечирим сурады деп атам айтты эле…

403