7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Данияр Жаныкулов Ош облусундагы ооруканага барып, тамак-аштын сапатын текшерди

816

КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Араван райондук аймактык ооруканасындагы бейтаптарга берилүүчү тамак-аштын сапатын, оорукананын чарбалык маселелерин жана кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Рейдтин жүрүшүндө оорукананын ашканасында, чарбалык тармагында көйгөйлөр бар экени аныкталды. Буга байланыштуу аталган маселелерди чечүү боюнча оорукана жетекчилигине бир ай убакыт берилди. Эгерде бир ай аралыгында көйгөйлөр чечилбесе оорукана жетекчисине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү айтылды.

Мындан сырткары, Данияр Жаныкулов Араван районундагы №22 А.Кадыров атындагы орто мектебинин кышка даярдыгын, окуучуларга берилүүчү шашке тамактын сапатын текшерди. Рейд учурунда аталган мектепте бир катар көйгөйлөр бар экени ачыкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана тиешелүү кызматтардын корутундусунун негизинде Араван райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин жана №22 А.Кадыров атындагы орто мектебинин жетекчисинин ишмердүүлүгүнө баа берилип, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817