7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
38°C

Дары-дармек департаментинин директору Айнура Абалиева кармалды

281

Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору «А.А.И.» тарабынан уюштурулган белгиленген тартипти бузуу менен дары-дармек каражаттарын каттоонун жана сертификациялоонун тартибин тездетилген тартипте өткөрүүдө чагылдырылган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

Аталган жаран мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча каражаттарын алып турган.

Тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, коррупциялык схеманын катышуучулары — Департаменттин кызматкерлеринин ортомчулугу менен анын иш бөлмөсүндө пара алуу фактылары катталган. Ошол эле учурда иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн. 

Учурда УКМК тарабынан бул иш боюнча бардык жагдайларды, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

282