Алты айлык мөөнөткө Кыргызстандан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Тыюу салуу өкмөттүн маанилүү чара көрүү планынын алкагында киргизилген. Анын максаты — калктын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу максатында дары-дармектер менен медициналык буюмдардын кескин жетишсиздигине бөгөт коюу.
Маалыматка ылайык, Экономика жана Финансы министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк Соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу жөнүндө билдирүү жөнөтүшү керек.
Такталгандай, тыюу 80 дары-дармектерке жана 64 медициналык багыттагы буюмдарга киргизилген. Ошол эле учурда азитромицин, ампициллин, ацетилсалицил кислотасы, парацетомол, цефтриаксон, цефепим, коргоочу медициналык костюмдар, бир жолу колдонулуучу халаттар, маскалар жана респираторлор экспорттолушу мүмкүн. Бирок аларды экспорттоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундусунун жана Кыргызстанда өндүрүлгөндүгү тууралуу сертификатынын негизинде гана экспорттоого уруксат берилет.