Жалал-Абад облустук милициясы дарыгердин рецеби жок күчтүү дары саткан дарыкананы аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканалардын биринде предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш болгон күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын мыйзамсыз жана дарыгердин рецеби жок сатып жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтарды алышкан.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын биринде дарыгердин рецеби жок “Медакс” дарыларын сатып жаткандыгы аныкталган.
Учурда териштирүү иштери уланууда.