7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Декабрда Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

5016

Декабрда Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-апрель күнү жергиликтүү тургундар адамдын жансыз денесин көргөнүн айтып кайрылышкан.

Кабыл алган маалымат боюнча Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткен 1993-ж.т. М у. С. маркумдун жансыз денесин Ала-Буга дарыясынан коопсуз жайга алып чыгарылып туугандарына өткөрүп берилди.

Эскерте кетсек, Баетов айылынын тургуну М у С. 2020-жылдын 27-декабрында Ала-Буга дарыясына балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, болжол 10-11 чакырым аралыгын 10-15 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Ошондой эле Ак-Талаа районундагы №15 ЖТИден дарыянын нугун бурууга 1 даана эксковатору тартылган.
Абанын температурасынын кескин төмөндөп, тоң кеткенге чейин убактылуу токтотулган.

Издөө иштери 2021-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейин Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу издөө иштерин улантып, дайынсыз болуп жаткан жаран табылган эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5017