7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Делегат: Министрликтер чече турган маселени Курултайда айтып олтурабыз

336

Биз делегаттар эгер өзүбүздүн идеологиялык иштерди жасай албасак, курултай же ушул майда-барат маселени чече албаган Жогорку Кеңеш таркаш керек. Мындай пикирин III Элдик курултайга Жети-Өгүз районунан келген делегат Гүлайым Сейитказиева билдирди.

Анын айтымында, делегаттар мамлекеттин өнүгүшүнө башка тарабынан жардамдашышы керек.

“Жогорку Кеңеш, айыл өкмөттөр, акимчилик жана министрликтер чече турган маселелерди эки күндөн бери курултайдын делегаттары келип айтып отурабыз. Курултайдын шайланган делегаттары 1,2 күн менен чектелип калбай, кийинки курултайдын шайлоосуна чейин делегаттардын эл алдындагы милдеттери үчүн кызмат кылуусун туура деп эсептейм. Бирок, биздин багытыбыз башка, элдин духун, рухун көтөрүү багытында иш алып баруубуз зарыл”, — деди Гүлайым Сейитказиева.

Ошондой эле делегат сөзүнүн акырында курултайдын катышуучуларына кайрылып: «ал-күчкө толгон жаштарды жибергендин ордуна, бул жерде ак сакалдар келип отурасыңар. Бүркүттөй болгон балдарыңарды “тооканага” камап жатасыңар», — деди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

337