7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

11 айда Кыргызстандан Өзбекстанга 2,1 млн турист келген – Туризм комитети

288

2024-жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстандан Өзбекстанга 2 млн 123 миң турист келген, деп билдирет Өзбекстандын Туризм комитетинин кызматы басма сөз кызматы.

Мекеменин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11 айы аралыгында Өзбекстанга 7,3 млн чет элдик турист келген, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18,8% га (1,15 млн адамга) көп.

Туристтердин негизги агымын, Кыргызстандан тышкары, Тажикстандын (2 млн 123,1 миң адам), Казакстандын (1,4 млн) жана Россиянын (741,2 миң) жарандары түздү.

Өзбекстанга туристтер эң көп келген алдыңкы он өлкөнүн катарына Түркмөнстан (171,2 миң), Түркия (108 миң), Кытай (66,6 миң), Индия (63,4 миң), Түштүк Корея (39,1 миң), Афганистан (38 миң) жана башка өлкөлөр (428,8 миң) кирди.

 

289