7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ден-соолукка жана келбетиңизге кам көргөн лимондун касиети

829

Лимон— витаминдерге бай жемиш. Анын антисептикалык касиети күчтүү. Баарыбыз эле билгендей лимон бул универсалдуу жемиш. Мөмөнүн пайдасы өтө эле көп . Бул макалада анын пайдасы, касиети тууралуу сөз кылабыз.

Египеттин айылдарынын тургундарын чаяндар чагып кеткенде лимонду экиге бөлүп, бир бөлүгүн чаккан жерге коюп, калган жарымын сорушса, жыйынтыгында жабыркаган жер бат эле жоголуп кетет.

Лимондун ширеси эс тутум начарлаганда, ашказан ичеги, таш пайда болгон ооруларда, организмдин зат алмашуу процесси жоголгондо, гемморойдо, лихородка суук тийген абалда таасирлүү. Мындай ооруларда жарым стакан кайнак сууга 0,5 лимондун ширесин кошуп, күнүнө 2-3 жолудан ичсе болот. Ошондой эле жаңы жемиштерге лимондун ширесин кошуп, тузу жок салаттарды жасап жесе да жакшы.

Тамак ооруларында Ангина жана ооздун көңдөйлөрүнө, тамакка суук тийген ооруларда оозду сууга кошулган лимондун ширеси (1/2 стакан кайнак сууга 0,5 лимон кошулат) менен чайкаса таасирлүү. Теринин козу карын ооруларында лимондун ширесин дары катары иче берсе да болот.

Өт ооруганда өткө таш пайда болгондо 1,5 литр сабиздин, кызылчанын, бадыраңдын аралашмасы кошулган 10—12 стакан лимондун ширесин бир күндин ичинде иче берсе болот. 6-7- күндөрү катуу жабыркаган жер катуу ооруп, анан ору басылып, таштар жоголот. Өтө катуу ооруганда ооруну баскан каражаттарды колдонуш керек.

Суусаган абалды басат Лихородка ооруларында, каның катып суусаганда, деги эле жалпы абалды жакшыртуу үчүн лимондун ширесинин пайдасы күчтүү.

Витамин жетишпегенде Организмге С жана Р витаминдери жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда ошондой эле кычкылтеги төмөн гастрит, подагр, заара чыгаруучу каналдарга таш пайда болгон ооруларда пайдалуу.

Лимондун кабыгы тамак сиңирүүнү жакшыртыш үчүн шекерде кайнатылган лимондун кабыгын колдонсо болот. Лимондун жаңы кабыктарын ак жерлеринен тазалап алып, нымдуу жагын чыкыйга коюп 10-15 мүнөт кармап туруш керек. Ал жер кызыл болуп ачышып жана кычышып чыгып, баштын оорусу жоголот.

Чийки лимон Ангина жаңы башталганда чийки лимонду (өзгөчө кабыгын) жайдан чайнап койсо жакшы. Андан кийин лимондун кислотасы оорулу жерлерге таасир бергенче 1 саат бою эч нерсе жебеш керек. Ушул эле көрүнүштү 3 сааттан кийин кайра кайталаса болот.

Бут ооруганда Буттун тарамыштары тырышып калганда эртең менен жана кечинде жаңы лимондун ширеси менен буттун тамандарын сүртүп, кургагандан кийин байпак менен бут кийимди кийсе таасири байкалат. Бул жол менен дарылоонун бир курсу –2 жумадан аз болбошу шарт.

Сасык тумоого кабылганда чайга бир чай кашык бал менен лимонду кошуп ичкенде дароо таасири байкалаарын баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан бул ооруну алдын алыш үчүн да аны суук түшөөрү менен эле активдүү колдоно берсе болот. Ал эми ооруганда ал сөзсүз дасторкондо болушу шарт.

Чайга лимон кошуп ичүү – дем алуу органдарына суук тийген ооруларда эң сонун каражат.

Заманбап медицинасы лимондун пайдалуу дарылык касиетин авитоминозду жана ар кандай ооруларда алдын алуу үчүн колдонот. Өзгөчө андагы С жана р витаминдери суук тийген ооруларда абдан маанилүү жана организмдин иммундук-биологиялык реакциясын көтөрөт. Ошондуктан лимонду суук тийген менен ар кандай инфекцияларга байланыштуу жана терапевтик, хирургиялык ооруларында организмдин коргоочу заттарын жакшыртуу үчүн диета-дары каражаты катары колдонушат.

Лимон мозолдорго каршы уктаарда буттарды буулап, мозолдорго лимондун кабыгын тагып, 2-3 күндүн ичинде бул процедураны кайталап, андан кийин бутту дагы бууга кылдаттык менен коюп, мозолдорду алып салуу керек.

Чачты таза жуугандан кийин жарым лимондун ширесин беш литр сууга чылап, аны менен чачты жакшылап чайкап койсо, чач кулпуруп, жалтырап, табигый өңүнө келип, көздү уялтат жана чачты түшүрбөйт. Ошондой бир нече жолу: 1 литр сууга 2 чай кашык лимондун ширесин же уксусту кошуп чайкаса да эң сонун таасирин берет.

Безеткиге каршы. Теориялар, лимондун курамындагы лимон кислотасы териге кургатуучу таасирин тийгизип, бет майынын майын азайтууга мүмкүндүк берет. Лимон кислотасы антисептикалык касиетке ээ, ал безетки пайда кылган бактерияларды жок кыла алат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, С витамини сезгенүүгө каршы касиетке ээ жана безетки вульгарис сыяктуу ооруларды дарылоодо колдонсо болот.

Ашыкча колдонуу терс таасирлерин жаратышы мүмкүн. Алардын катарына күйүү, чактыруу, кычышуу, кызаруу сыяктуу көйгөйлөр кирет. Ошондуктан лимону аны кылдаттык менен колдонуу керек.

Бырыштарды азайтууга жардам берет.

Лимон курамындагы С витамини коллагенди бекемдеп, бырыштарды азайтууга жардам берет.

Лимон Бул арыктоого жардам берген жемиш. Адатта, детокс өзгөчөлүгү колдонулат жана денени тазалоо максаты коюлган.

Курамындагы пектин талчасы ашказанда кеңейип, токчулукту дагы узак убакытка чейин камсыз кылат деп ойлошот.

Бирок, сууда пектин жок болгондуктан лимон жеп Анын ордуна суу ичүү дагы ошол эле жол менен токчулукту камсыз кылбайт.

Мөмө-жемиштердеги өсүмдүктөрдүн кошулмалары дагы арыктоого жардам берет деп болжолдонууда.

Изилдөөлөр, лимон экстракты андагы өсүмдүктөрдүн кошулмалары ар кандай жолдор менен салмак кошуунун алдын алууга же азайтууга жардам бере тургандыгын көрсөтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

830