7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анжелина Жоли денесин аарыларга каптатып, адаттан тыш фотосессияга тартылды

535

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли аары уюгунда туруп National Geographic журналы үчүн сүрөт жана видеого тартылды. Тартылган сүрөт жана видео Instagram баракчасына жарыяланган.

«Аянтчада Анжелинадан башкалардын баары коргонуучу кийимчен болушкан. Аарылар тынчсызданбашы үчүн аянтча тынч жана караңгы эле. Актриса денесин аары каптаган бойдон, эч бир кыймылдабастан дээрлик 18 мүнөт турган. Бул долбоор жоголуп бара жаткан аарылардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган«,-деп берилет маалыматта.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, адамдар жеген эң алдыңкы төрт азыктын үчөө аарылар тарабынан чаңдашат. Алар ошондой эле уй жеген бедени да чаңдаштырат.

Аарылардын чаңдаштыруусунан кийим-кече жана дары-дармек жасоодо колдонулган көптөгөн өсүмдүктөр өсөт. Дүйнө жүзү боюнча алар 200 миллиард доллардан ашык суммадагы азык-түлүк өндүрүшүн камсыз кылары белгиленди.

Эскерте кетсек, фотосессия Бүткүл дүйнөлүк аарылар күнүнө карата уюштурулган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536