Марипов: Импорт салыгын көзөмөлдөй албай миллиондогон чыгымга учурап жатабыз, актанууну токтоткула!
592
Коронавируска каршы күрөшүүдөгү чыгымдардан улам бөксөргөн бюджетти толтуруу булактарын издөө зарыл, деген Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, контрабандалык жол менен ташылган импортко тыюу салуу жана ага карай салык чогултууну башкаруу ишин күчтөндүрүүнү көздөйт. Төрага министрлерге кайрылып, актанып, ар-кайсы себептерди айтууну токтотуңуздар деди.
«Бүгүнкү күндө «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды ишке киргизүү процесси башталды. Алардын ишке киргизилиши бюджетке салыктардын түшүүсү жогорулагандыгы жаатында оңдуу жыйынтыктарды көрсөтүп, келечекте натыйжа берет. Бирок баары эле ойдогудай эмес. Тутумда көптөгөн тоскоолдуктар бар, — же электр жарыгы, же интернет жок. Аткаруучулардын мындай ондогон жооптору бар. Айтаарым: актанып, ар-кайсы себептерди айтууну токтотуңуздар. «-деди Марипов.
Ал ошону менен бирге Орнотулган автоматташтырылган тутум үзгүлүтүксүз иш алып барууга тийиш экендигин эскертти.
«Импорттун салыгын жыйноо көзөмөлүн күчөтө албай жаткандыгыбыздан улам, миллиондогон чыгымга учурап жатабыз. Бүгүнкү күндө кошумча чыгымдар көп болууда. Эгер эсепке алынбаган/контрабандалык ташууларды жойбосок, кандай аракет болбосун, жүргүзүлгөн иште тийиштүү жыйынтыкка жетише албайбыз. Эсепке алынбаган/контрабандалык жол менен ташылган импортту кыскартуу жана толугу менен жоюу боюнча олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл«-дейт.