7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортуна Кореялык инвестор жыйынтыгы 1 саатта чыккан ПЦР-лаборатория ачат

1021

Түштүк кореялык инвесторлор бүгүн Кыргызстанда лаборатория ачат. Бул тууралуу, министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов түштүк кореялык BS Group корпорациясынын президенти Пак Хё Рин менен жолуккан. Ишкер айым анын компаниясы Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар экендигин жана алар «Манас» аба майданына лаборатория ачарын айткан.

«Өлкөдө жакында туристтик сезон ачыларын эске алсак, республика аймагындагы мындай лабораториянын ачылышы туристтерди тартуу жаатында чоң мааниге ээ. Биздин милдет — Кыргызстанды СOVID-19га батып калбаган өлкөгө айландыруу. Бул өлкөгө туристтердин агылуусуна шарт түзөт», — деген Пак Хё Рин.

Эскерте кетсек, корпорация башчысы бир күндө 14 миң адам ал жерден ПЦР-тест тапшыра аларын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1022