7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Денис Петрашов дүйнө чемпионатынан кайтып келди

382
Бүгүн Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева өлкөгө кайтып келди.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.
Эске салсак, Сингапурда өткөн чемпионатта кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метр брасс стилинде сүзүүдө мыкты жыйынтык көрсөтүп, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.
Айымкыз Айдаралиева 100 метр эркин сүзүү боюнча жарышка түшүп, анда жалпысынан 84 спортчу катышкан. 15 жаштагы кыргызстандык спортчу экинчи жарышта старт алып, 5-орунду ээлеп, 1 мүнөт 01,45 секунддук натыйжа көрсөтүп, 61-орунду ээлеген.
383