7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттар окуучулардын таң атпай мектепке баруусуна нааразы

499

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар борбор калаадагы мектеп окуучуларын таңкы саат жети отуздан, ал эми студенттерди саат ондон баштап окутуу тууралуу мэриянын чечимин сынга алышты.

Шакиев депутаттар тарабынан көтөрүлгөн бул маселе өтө маанилүү экенин, аталган жагдай боюнча жарандардан да көптөгөн кайрылуулар келип жатканын белгиледи.

«Жаш балдарды жетиде окууга жөнөтүш үчүн алтыда тургузуш керек. Ал эми түштөн кийинки окугандардын сабагы кеч бүтүп, окуучулар кечки саат 8-9дарда үйүнө барат. Кечки тамактануусу 10-11лерде болуп калат. Эксперимент катары мындай ыкма жасалбашы керек болчу. Министрлер кабинети бул маселени ыкчам түрдө карап, чечиши зарыл», – деди.

Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиев да мектеп окуучуларынын, студенттердин окуусуна тиешелүү бул чечим калаадагы тыгынды азайтпастан, тескерисинче ыңгайсыздык жаратканын белгилеп, бул маселени тез арада чечүү керектигин билдиришти.

500