«Нарын мото» заводу өндүргөн продукцияларын сатыкка чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
«Нарын мото» заводу Ат-Башыдагы Кара-Булак участкасында курулган эл аралык соода-логистикалык борбордо жайгашкан.
Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2, 3, 4 дөңгөлөктүү мототехника куралып чыгууда. Алар 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат жана күйүүчү май менен жүрөт.
Ошондой эле мотоциклдердин баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин экени кошумчаланды.