Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо жана улуттук мурастарды жайылтуу алкагында «Тогуз коргоол» оюнунун тактасы 28 миң 324 метр бийиктикке көтөрүлдү.
Казакстандын «Тогуз кумалак» федерациясынын президенти Алихан Байменов билдиргендей, бул саякат учурунда абанын температурасы минус 55 градуска чейин төмөндөгөн.
Тогуз коргоол – кыргыз жана казак элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Тогуз коргоол манкала оюнунун түркүмүнө таандык. Манкала сөзү “жылуу, кыймыл” дегенди түшүндүрөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram