7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат аңчылыкка чыгып, олжолуу кайтканын билдирди

468

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев социалдык тармактагы баракчасына фото-курал менен илбирске аңчылыкка чыгып, олжолуу кайтканын билдирди.

«Аңчылыкка чыктым. Ушинтип фото-курал менен илбирске аңчылыкка чыгып, олжолуу кайттым. Сиздер да илбирстерди кандай тартканыма баа бериңиздер», — деп жазган ал.

Анын айтымында, ал Snow Leopard Trust илбирсти коргоо боюнча эл аралык уюмдун чакыруусу менен Индиянын түндүгүндө жайгашкан Ладахк туристтик аймагына барган. Аталган аймакта 200 миңдей киши жашайт жана элдин жашоосу да, экономикасы да туризмге байланган.

«Мен бир нече ирээт парламенттен «биздин кооз жаратылышка, жаныбарларыбызга сырттан туристтер мылтык менен келбей, фотоаппарат менен фото-аңчылыкка келсин»,- деп айттым эле. Көбү мага ишенишкен эмес. Индияга сапарыбызда так ошол фото-туризмдин өнүгүп жатканын жеринен көрүп, суктанып турам. Индиянын Ладахк тоолорунда эчак эле ак илбирсти, аюуну көргөзүү туризми жолго коюлуп, дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келип, өлкөнүн эконмикасына да чоң салым кошуп жатыптыр. Аңчылыкка эчак эле тыюу салынып, эч бир жаныбарлардын түрүн аттырышпайт. Жаныбарлар да адамдардан коркпой, көнүп калгандыктан, жакын эле жерлерде тынч сейилдеп жүрө беришет экен. Биз өзүбүздүн табиятты өзүбүз тепселеп, жаныбарларды өзүбүз эле кырып түгөтмөй болдук. Кыргызстандын экологиясы, жан-жаныбары бизге гана керек. Биз бул мурасты келечектеги муунга азайтпай, көбөйтүп, гүлдөтүп, өнүктүрүп калтырышыбыз керек», — деген депутат.

469