Парламенттин жыйынында Шарапат Мажитова коомдук жайларда адамдын жүзүн жашырып жүрүүгө тыюу салган мыйзам Кыргызстанга дагы керектигин айтты.
Анын айтымында, акыркы убакта көздөрүн гана көрсөтүп, паранжа жамынгандар көбөйдү.
«Бул мыйзам бизге дагы керек. Мен аларды жоолук салынбасын дебейм, бирок бетин чүмкөп алган бул коопсуздукка да залакасын тийгизиши мүмкүн. Андыктан Дин башкармалыгы көзөмөлгө алып, мамлекет тарабынан чара көрүлүшү керек».