Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында аскердик кызматка чакырууга көңүл буруу маселеси көтөрүлдү.
Депутат Таалайбек Сарыбашев аармияга барбаган жигиттер көбөйүп кеткенине тынчсызданды. Ал өз сөзүндө, бир класстан 30 бала мектепти бүтсө, экөө-үчөө гана аскердик милдетин өтөп, калганы барбай жатканын баса белгиледи.
“Аскердик кызматка чакырууга жакшы көңүл бурсак. Калкыбыз болгону 7 миллион, биз сапаттуу армияга гана көңүл бурушубуз керек. Бул боюнча жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү”, — деди Таалайбек Сарыбашов.